Бишкекте француз тилдүү өлкөлөрдүн жумалыгынын алкагында “Франкофониянын 10 сөзү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде француз тилдүү өлкөлөрдүн жумалыгынын алкагында “Франкофониянын 10 сөзү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага балдардын колунан жаралган 119 эмгек коюлган. Аталган жумалыктын алкагында “куу, кар куюн, ишенчээк, чырак, дүкөн, чакалап төккөн жамгыр, таасирдүү, барктуу, кичи автобус, кайраттуу” деген 10 сөздүн тематикасында сүрөт тартуу каралып, сынак уюштурулган.

Бул иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги, Франциянын жана Швейцариянын кыргыз жергесиндеги элчиликтери жана Бишкектеги Франциялык альянс уюштурган. Сынактын жыйынтыгы менен 12 мыкты эмгек тандалып алынып, алардын ээлерине баалуу белектер берилди. Көргөзмө 19-мартка чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_3
2016-03-15 18:41:39
Еврогейиля деген көргөз болот жакында.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан