28-мартта Бишкекте чет элдик уюмдардын катышуусунда жаныбарларды идентификациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча конференция болуп өттү. Ага катышкан Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, жакынкы аралыкта кабыл алынарын билдирди. Конференциянын катышуучулары фермерлер арасында кеңири түшүндүрмө иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдиришти. Иш-чарага катышкан Бүткүл дүйнөлүк банк жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аталган мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.