Бишкекте айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды

Бишкекте айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 23:28 чамасында Чыңгыз Айтматов атындагы кең көчөдө айдоочу болжол менен 30-35 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге келген “Тез жардамдын” кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүшкөн, бирок жабырлануучу оор жаракаттардан улам каза болуп калган. Ал эми айдоочу да бир нече жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bakytbek.Satibekov
2016-04-26 14:40:05
МАИлердин жолдо турбагандыгынын себеби ушундай кырсыктарга алып барып жатат
+2
Rifle_3
2016-04-26 16:41:03
Бул айдоочунун жоопкерчиликсиздигинен болуп жатат. Же эмне айдоочулар мал беле аларды ГАИлер кайтарып турчудай. Ар ким өзүнөн баштаса эрежени сактап, эч ким эч кимди сүзбөйт. Табияттык кубулуштар эле түрткү болбосо.
+3
abusait
2016-04-26 15:21:51
Айдоочулар акырын айдашпайт, же жоо жургунчулор жолду ой келди жерден кесип , анан да телефон чукуп же суйлошуп отушот. Мындай жол кырсыктардын алдын алуу ар бирибиздин милдетибиз.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан