"Мыйзам баарыбызга бирдей, эгерде мэр Иса Өмүркулов жерлерди мыйзамсыз саткан болсо, анда ага карата кылмыш ишин козгоо керек",- деп билдирди ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев маалымат жыйында. "Кыргызстандын долбоорчулар ассоциациясы" тарабынан кайрылуу келип түшкөнүн айткан эл өкүлү, кайрылууда Бишкек шаарындагы “Жеңиш”, “Ата-Түрк” сейил бактарына караштуу жерлер мэрия тарабынан мыйзамсыз берилип, курулуш иштери жүрүп жаткандыгы боюнча бир катар фактылар бар экенин белгиледи.
"Жер кодексине ылайык, өзгөчө кайтаруудагы жерлерге курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Ал эми азыр “Жеңиш” сейил багынын айланасында чоң-чоң ресторандар, мейманканалар курулуп жатат. Ошол себептен Бишкек шаардык мэриясынын мындай мыйзам бузуу иштери үчүн кылмыш иши козголушу керек",- деди депутат.