Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн Ооган-Талаа айылында 26-апрелден 27-апрелге караган түнү мөндүр аралаш жааган жамгырдан айыл тургундары жабыр тартышты. "Короолорго суу кирип, айылдыктар зыян тартып калышты. Учурда ылай сууларды ар ким өз алдынча чыгарууда", - деп билдирди окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.