ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсыкка учурады

Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсыкка учурады. Жол кырсыгы бүгүн, 27-апрелде Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Тез жардамга" жол бергенди үйрөнөлү. Дарыгерлер тобунун унаасы мигалкасын иштетип батыштан чыгышты көздөй шашып бара жаткан", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
madina.87
2016-04-27 20:37:52
Аллах сактасын!
Тиги алдындагы эмне?
Эч ким эчнерсе болбоптурбу?
+3
Er-jurok.
2016-04-27 21:04:03
madina.87,тиги алдындагы машина сүзгөндө автоматтык түрдө ишип чыгат. Адамды рулду же алдынкы айнекти сүздүрбөй тосуп калат.
+3
madina.87
2016-04-27 22:08:31
Er-jurok.
Ииий анысыго жакшы экен.
Ак сурп жаап койгондой корунбодубу мага.
-1
AiBoru
2016-04-28 01:06:39
madina.87, Ал подушка безопасности .(аirbag)
0
bolotbai4
2016-04-27 20:38:06
Тез жардамга жол берип турбайбы десен астынан ото калбай.Токол маш не деп бекер айтбайт да,за рулем аял окшойт.
+5
Sagy
2016-04-28 22:17:22
bolotbai4, эркек эле киши. 40-50 догу эле байке экен.
0
nurchik05
2016-04-27 20:57:56
герсейишип жол беришпейт тез жардамга
+4
Er-jurok.
2016-04-27 21:01:18
Тез жардамда абайлап жүрүш керек өзү. Башка бирөөнүн денесине зыян келтирбей. Абалга жараша эле айдаса болот. Мен тез жардаммын деп учуп барып бирөөнү талкалабай.
Негизи бизде тез жардамга жол бошотуу деги эле жокго эс. Анча мынчасы эле жол бошотуп бербесе,калганы бошотпойт.
-10
Begim_4
2016-04-27 22:36:18
Тез жардам жон эле мигалкасын жагып алган экен, жанында эч бир врач жок. Демек вызов болбогон, Лексуста жаш бала бар экен, жакшы эле болсо экен эми...
+3
kojo
2016-04-27 23:15:17
Мен дагы отуп баратып кайрылып калдым,тез жардам озунун иши менен эле журуптур,жаш бала айдап алыптыр,лексустун айдоочусу улуу ата экен,шок болуп не кыларын билбей калды. Тез жардам негизи катуу ылдамдыкта келе жатыптыр. Тез жардамда бир дагы оорулу жана врач жок болчу. Жеке иши менен жургон экен
+2
radyakiz
2016-04-27 23:40:49
Мигалкасын куйгузсо жол бошотот деп жаш бала катуу айдап бараткан го.
+1
orozbai98
2016-04-27 23:43:47
аллах сактасын
+1
orozbai98
2016-04-27 23:45:06
кудай сактаа тетри. ролда емне болсода
0
Biyke4
2016-04-28 00:55:05
тез жардам лексусту сузуптур демек тез жардам кунолуу, тем более жумуштан сырткары айдап журсо тез жардамдын айдоочусуна онбогондой эле чыгым болот го лексустун арткы бампери, капталы, арткы эшиги баллону ооуу мунун баарын калыбына келтируу учун аз дегенде эле 40 минди чапчыйт ошондуктан айдоочулар шашпасанар 5, 10 мунот кечиксенер эчтеке болбойт.
+3
bolotbai4
2016-04-28 08:07:14
Бул тез жардам да больницадан качкан бироону кууп бара жаткан гоо,кечээки патрульдук машине бир машинени кууп аварияга учурагандай болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан