ЭЛДИК КАБАР: Аксы. Кашка-Суу айыл аймагында урап бараткан имарат оңдолуп, Бакыт үйүнө айланды

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында Бакыт үйү курулду. Бул тууралуу бүгүн окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Көп жылдан бери каралбай жаткан имарат кайрадан оңдоп-түзөөдөн өттү. Курулушка Кашка-Суу айыл өкмөтү 1 миллион 300 миң сом өздүк салым жумшады. Эми курулган Бакыт үйүндө айылдыктар
той-мааракелерди өткөрүшөт. Имарат 1970-жылы курулган. Бүгүнкү күндө эскилиги жетип, урап баштаган болчу", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kinsion
2016-04-28 14:26:38
кооз жерлердин бири бул жер
+2
Medina87
2016-04-28 17:41:26
Жаныланган Бакыт Уйу жаны-жаны бакыттарга бай болсун!
+2
nuri_kerben
2016-04-28 19:26:10
Жакшы иштер болуп атат касиеттуу Аксыда ... Аксы аявай сагындым буюрса аз кун калдым барамгооо каникуль учуру
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан