V жана VI чакырылыштагы “Республика” фракциясынан ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров 1975-жылы 11-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана АХД адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган. 1998-1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясында башкы эсепчи, 1999-2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы, 2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ишканасынын директорунун орун басары, 2005-2010-жылдары "Дан-Юг" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү. Кийин "Өнүгүү" депутаттык тобуна кошулган. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.