ЭЛДИК КАБАР: Ошто маршруттук такси менен жеңил автоунаа сүзүшүп, жолдун четине чыгып кетишти

Бүгүн, 16-майда саат 07:50 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка жана Асранкулов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил автоунаа сүзүшүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан улам 2 унаа жол четине чыгып кеткен. "Жол чырак иштеп жаткан. Маршруттук такси өтүп кетем деп жетишпей калган. Жабыркагандар жок. Кичи автобустун айдоочусунун башы терезеге катуу тийиптир. Мындан тышкары анын ичинде жүргүнчүлөр болгон, бирок алар жакшы эле экен",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан