Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттер аралык комиссиясынын VI жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында кыргыз-өзбек парламенттер аралык байланыштарын бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактар аралык жана чек арага жакын аймактардагы кызматташтык, билим берүү, илим жана маданият тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулду.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, комиссиянын теңтөрайымы Жылдыз Таалайбек кызы Кыргызстан менен Өзбекстанды орток тарых, маданият жана руханий жакындык, ошондой эле тыгыз экономикалык байланыштар бириктирип турарын белгиледи.
Анын айтымында, эки өлкөнүн мамилелеринин жогорку деңгээлге чыгышына тараптардын саясий эрки өбөлгө түзүүдө.
Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымынын биринчи орун басары, комиссиянын теңтөрагасы Содик Сафоев парламенттер аралык комиссиянын жыйыны эки өлкөнүн ортосундагы диалогду чыңдоодо маанилүү экенин айтты.
Жыйындын соңунда тараптар эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты.