Биз социалдык тармакта

Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулайманов СИЗОдон бошотулду

Мурдагы транспорт министри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-октябрда, сот Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырды.

Сулаймановго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат алуу чечими кабыл алынды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү – «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан