Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымынын биринчи орун басары Содик Сафоевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Өзбекстан менен жакын коңшулук, боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, парламенттик дипломатия эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт.

Ошондой эле кызматташтыкты КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы жана ТүркПА сыяктуу эл аралык аянтчаларда да өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.

Содик Сафоев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоиловдун саламын жеткирди.

Ал Кыргызстандагы акыркы жетишкендиктерди Өзбекстанда кубануу менен кабыл алып жатышканын айтып, өлкөдөгү жылдык 11 пайыздык экономикалык өсүштү жогору баалады.

Содик Сафоев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары күчөтүү боюнча сунуштарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан