Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска жөнөштү

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер контингенти ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2026" машыгуусуна катышуу үчүн "Кант" авиабазасынан Беларуска жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуу 8-17-октябрь күндөрү "Лосвидо" полигонунда өтөт.

Анда ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскер кызматкерлери тынчтык орнотуучулук милдеттерди биргелешип аткаруу жана көп улуттуу контингенттин даярдыгын жогорулатуу боюнча практикалык иштерди жүргүзөрү кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан