Биз социалдык тармакта

Аракчи: “АКШ Ирандагы жоготууларынын чыныгы санын жашырууда”

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын Иран менен кагылышуудагы аскердик техникалар боюнча жоготуулары расмий айтылган сандан кыйла көп экенин билдирди.

Анын айтымында, АКШнын Борбордук командачылыгы жоготуулардын чыныгы көлөмүн жашырып жатат.

Аракчи социалдык тармактагы баракчасында АКШ Конгрессинин Изилдөө кызматы буга чейин Ирандын соккуларынан 42 америкалык аскердик учак жок кылынганын тааныганын, ал эми азыр жоголгон же жабыркаган учактардын, тик учактардын жана учкучсуз аппараттардын саны 81ге жеткенин жазды.

“Чыныгы жоготуулар мындан да жогору. Кээде баарын алдаса болот”, - деп жазды Ирандын тышкы иштер министри.

Маалыматка ылайык, АКШ менен Израил 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Иран тарап жооп иретинде соккуларды жасаган. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуш аракеттерин токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок кийин тараптар кайрадан сокку урууларды уланткан.

Учурда Иран менен АКШнын ортосундагы кырдаал толук жөнгө салынган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан