Орус драма театрынын артисттери театрдын директору Борис Воробьёвдун кызматтан кетишин талап кылышууда

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын 12 кызматкери Маданият, маалымат жана туризм министрлигине мекеме жетекчиси Борис Воробьёвдун кызматтан кетишин талап кылып кат жазышкан. “Дагы төрт кишини кат жазууга кошулуудан баш тартууга мажбурлашты. Биз өмүрүбүз үчүн коркуп жатабыз. Бизди аңдып, коркутуп жатышат”,- деп билдирди театрдын кызматкери Александра Марусич. Театрдын башка кызматкерлери: “Бардык актёрлордун айлык акысы келишимдик негизде берилүүдө. Буга байланыштуу кээ бир кызматкерлерге 300 сом айлык чыкса, айрымдары 28 миң сомдон алышууда. Биз жаңы спекталдерди койбой эле, азыр эч ким койбой калган эски спектаклдерди кайра жандандыруу менен алекпиз",- дешет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан