Нөшөрлөгөн жамгырлардан улам Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасындагы Хуриев атындагы №5-орто мектебинин чатырынан тамчы тамып жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Мектепти капиталдык оңдоону 2017-жылга пландашкан, бирок ал да күмөн болуп жатат. Биздин мектептин жагдайы өтө начар абалда. Учурда биздин мектептин окуучулары ным, сыз жерде окуп жатышат. Жардам керек болууда. Комиссия түзүп келгиле деп кайрылсак келбей жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.