21-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Пум айылында Туяк ырчынын 160 жылдык мааракеси болуп өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, иш-чарада республикалык деңгээлде акындардын айтышы болду. Айтыштын жыйынтыгында Оштон келген Абдубали Акимбеков баш байгени жеңип алды.
"Туяк ырчы өз кезинде той-мааракелерде Токтогул Сатылганов жана башка төкмө акындар менен айтышып жүргөн, бирок тарыхта, адабиятта жазылбай унутулуп калган. Ал ушул айылда туулуп, жашап өткөн", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.