Депутат Элмурат Обдуновду кол тийбестиктен ажыратууга Жогорку Кеңеш макулдук берген жок

Бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Элмурат Обдуновду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралды. Бул маселе добушка коюлуп, 87 депутат макулдук берүү менен аталган депутатты кол тийбестиктен ажыратпоо чечимине келишти. Депутаттык комиссия Элмурат Обдуновду кол тийбестигинен ажыратууга факты жетиштүү эмес жана аны бул иш боюнча айыптоого негиз жок деген жыйынтык чыгарган. Эске сала кетсек, Обдуновго 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда 2 миллион сомго жакын акчаны максатсыз пайдаланган деген айып коюлуп, 2012-жылдын ноябрь айында кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан