Бүгүн, 4-апрелде Экономика министри Темир Сариев менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафинин жолугушту. Сариев Ирандын элчисин анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Элчи мырза транспорт, энергетика багыттарында, инвестиция жана соода-сатык жүргүзүүдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирди. Жалпысынан, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечеги тууралуу сүйлөшүү болуп, Иран тарапка халал азык-түлүктөрдү өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү сунуштары айтылды.