23-апрелде Астана-Бишкек аба каттамы ачылат

Казакстандык “Эйр Астана” авиакомпаниясы Астана-Бишкек жаңы аба каттамын ачканын “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Бул багытта биричи жолку каттам 23-апрелде ишке ашып, жүргүнчүлөр үчүн билеттин баасы 270 доллар болот. Каттам аптасына 4 жолу болуп, жүргүнчүлөрдү “Эмбраер-190” учагы тейлейт. Кошумчалай кетсек, бул эки шаардын аралыгын учак 1 саат 50 мүнөттө басып өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан