Бүгүн, 4-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин демилгеси менен "Апрель революциясы - келечек үчүн сабактар" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бакыт Калмаматов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайлардын студенттери катышты. Талкууда өлкөдө болуп өткөн революциялардан туура жыйынтык чыгаруу, жаштардын коомдогу орду, өлкөдө парламентаризмди калыптандырууга салым кошуу маселелери тууралуу сөз болуп, жыйынтыгында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды.
1. Апрель революциясы ар дайым мамлекеттик жана коомдук ишмерлер үчүн сабак болсун.