Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда 7-апрель окуясынын жабырлануучуларына арналган үйдүн курулушуна капсула салынды. Иш-чарага президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, шаар мэри Иса Өмүркулов катышты. Белгилүү болгондой, бул 9 кабаттуу үйдө 135 батир болот. Курулуш иштерине 155 миллион сом жумшалып, батирлер 2014-жылы ээлерине тапшырылат.