6-апрелде өлкө боюнча мектептердин 9-10-11-класстагы окуучулары арасында “Интеллектуал мырза” билим сынагынын финалдык туру өтөт. “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду уюштурган сынактын максаты - мыкты окуучулардын башын бириктирип, аларды өз ара таанышууга жана пикир алышууга ылайыктуу шарт түзүп берүү. Жарыштын алгачкы туру 2012-жылдын 22-декабрында болуп, анда командалар суроолорго жооп берүү аркылуу белгилүү өлчөмдө упай топтошкон. Ушундай эле жол менен 2013-жылдын 22-январында 2-тур өткөрүлгөн. Жарышка буга чейинки 2 турда эң көп упай топтогон 6 команда катышат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилип, алдынкы мектептерге ыраазычылык сертификаттары тапшырылат.