Бүгүн, 6-апрелде Бишкектеги сейил бактардын биринде өткөн ишембиликте президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды талыкпас эмгекке, алдыга умтулууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстанга туруктуу колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн Японияга ыраазычылык айтты. “Япониядагы катуу жер титирөөдө биз учак аркылуу суу гана бере алдык. Ал эми бул өлкө бизге ошол убакта да ар кандай өңүттө жардам көрсөттү, бүгүн да колдоосун аябай келишет. Бирок биз ар кимге көз каранды болбой, өзүбүз аракет кылууга убакыт келди. Жардам суроону унутуп, өзүбүз эмгектенели. Кыргызстандын өсүп, бутуна турушуна чогуу аракет кылалы”,- деди өлкө башчы.