6-апрелде Бишкек шаарынын бардык аймактарында ишембилик өтүп, бак-дарак көчөттөрү отургузулду. Ишембиликке мамлекет башчыларынан тартып, мектеп окуучуларына чейин чыгышканы жакшы көрүнүш болду. Шаар тазалоого “Ата Мекен” партиясынын шаардык кеңештеги депутаттары жана Жаштар канатынын 35ке жакын мүчөсү "Манас" кинотеатрынын айлана-тегерегин тазалашып, 85 даана көчөт тигишти. “Мындай иш-чаралар көп-көптөн болуп турса дейбиз. Анткени шаардын таза болгону өзүбүзгө эле жакшы. Мурда Бишкек жашыл шаар деп аталчу, бара-бара ошол деңгээлге жетебиз деп үмүттөнөбүз” дешет "ата мекенчилер".
Сүрөттө:
1-2. Шаардык кеңештин депутаттары Аликбек Сариев менен Таалай Сариев партиянын жаш өкүлдөрү менен
3. Жаш "ата мекенчилер" иштин кызуусунда