“Бишкек шаарында тигилген көчөттөрдү кууратпай кароого сөз берем”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 6-апрелде Бишкектеги Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багындагы ишембиликте шаар башчысы Иса Өмүркулов айтты. “Албетте, ар бир отургузулган көчөткө көзөмөл жүргүзүүгө, өз убагында сугарып, кууратпай кароого мен убада берем. Бир гана өтүнүч, жаштар көчөттөргө аяр мамиле кылышса жакшы болот эле. Апрель айынын соңунда шаар аймагына гүлдөрдү эгип баштайбыз. Быйыл гүл аянтчаларын көбөйтүүнү пландап жатабыз”,- деди Өмүркулов. Айта кетсек, бүгүн борбордогу 30га жакын көчөдө, район аймактарында, суу каналдарда тазалоо иштери жасалды.