Бишкек шаарынын жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 8-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Гагарин, Некрасов, Туюк, Леванев, Горький, Абай, Фатьянов көчөлөрүндө, Аламүдүн
районундагы Лебединовка айылында, Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле саат 9:00дөн 13:00гө чейин борбордун чыгыш
тарабындагы Элебесов көчөсүндө жана Чалбай, Кайыңды
конуштарында электр жарыгы болбойт. Бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине
байланыштуу болот.