Чычкан капчыгайынын чыга беришинде КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жол кырсыгы бүгүн таңкы саат 04:30 чамасында Токтогулга жетпей, Чычкан капчыгайынын чыга беришинде орун алды. Айдоочу уктап кеткен окшойт, 1 адам каза таап, 1 адам оор жаракаттарды алды", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.