“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөргөн борбордун ишин жакшыртуу үчүн бир катар реформалар керек”. Мындай билдирүүнү КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов райондор аралык бир катар борборлорго барган учурда айтканын бүгүн, 9-апрелде аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. “Акыркы күндөрү калк тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды топторго бөлүүдө аталган борборлордун чечимине нааразы болгон учурлар көп болууда”,- деди министр. Ошондой эле Кылычбек Султанов учурда аталган мекемелердин ишин жакшыртуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, эксперт-врачтардын потенциалын жогорулатуу, майыптыкты баалоонун ыкмаларын жакшыртуу сыяктуу бир катар иштер аткарылып жатканын билдирди.