Түркиянын Анкара шаарында Айзат аттуу кыргыз кызын түрк жараны автоунаа менен сүзүп кеткен. 3 күн комада жаткан кызга операция жасалып, ал азыр баса албайт. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
"Жанында бир тууган эжеси бар. Акчасы дары, операциясына кетип, ооруканага жатууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, үйүнө чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги (Айзаттын айтуусунда) жардам бергенден баш тарткан. Сүзүп кеткен айдоочу жаза ала элек. Айзаттын телефон номери: 00905387241341. Юридикалык жана каржылык жардам көрсөтүү керек", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.