Ош шаарынын айрым тургундары Ак-Буура суусун булгап, көңүл кош мамиле жасашарын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Ал бүгүн, 26-июлда да дарыянын так ортосунда жаш келин шейшеп жууп, самынын сууга агызып жатканын көргөнүн айтып, нааразылыгын билдирди.
"Ак-Буура дарыясынын жанында жашаган келин дарыянын так ортосунда шейшебин жууп, дарыябыздын булганышына чоң салымын кошуп жаткан учуру. Ар бирибиз ушундай мамиле жасасак, дарыя бат эле булгануусу мүмкүн. Бул кайдыгерликтен качан арылабыз?" - деп суроо салды ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.