ЭЛДИК КАБАР: "Мас абалдагы Лексустун айдоочусу башка унааны сүзүп, анын ичиндеги 2 адамды ооруканага алып кетишти" дейт окурман

Бүгүн, 29-июлда Бишкектеги Абдрахманов менен Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Саат 6:40тар чамасында мас абалдагы Лексустун айдоочусу патруль кызматкерине токтобой, кызыл күйүп турган жол чырактын жанынан башка унааны сүздү. Сүзүлгөн унаанын ичиндеги 2 адамды: апасы менен кызын ооруканага алып кетишти", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
salimbek87.kg
2016-07-29 11:43:19
Ошол ичкиликтин артынан канчалаган адамдар жабыркап жатат.Аллахым озун ыйман ынсап бере кор ичкендерге.
+1
zamandash
2016-07-29 11:48:07
Фрунзе 76 Ким куноолуу?
0
Labadax
2016-07-29 11:54:21
Арак ичбей балее ичип калгыр,аракты ичип алып рулга олтуруп,болок ботон адамдарды кырсыка учуратып жатат.Ай ай ай жаман болуптуур,больницага алып кеткен эки адамды Аллахым шыпаасын берип,жакшы болуп кетишсин.Бул арак ичкен зоокурду сот жообуна тартыш керек.
+7
Uson.karaev
2016-07-29 13:00:10
Россияда Путин мас абалда машина айдагандарга 2 жылга оз эркинен ажырайт деген закон чыгарган келгиле биз да ошондой закон кабыл алабыз ким макул?
+2
Marjana5
2016-07-29 13:43:28
Uson.karaev,мен макул бирок биздин КРде если мас адам бай же чон болсо бул мызамы деле иштебейт же карапайым адамдар учун иштейт.
+2
temirov76
2016-07-29 15:16:23
Uson.karaev,сен али куудулдардын иштебеген указ менен приказдары жок болду деген сатирасын уга элек окшойсун.
0
gugu2727
2016-07-29 13:38:03
Экотен лексуско
0
lexus47
2016-07-29 14:50:23
Мас ХХХ дегилечи... жаракат алган адамдар менен LEXUS жалко
0
admin_superstan
2016-07-29 15:06:09
lexus47, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү.
0
gugu2727
2016-07-29 14:56:40
Ак лексустун номери канча экен чото тааныш учурап атат
0
Deniza88
2016-07-29 21:44:09
Кара лехада айрбаг кетпептир, бирок жестко болуптур , жакшы болуп кетишсе экен эми. Кудай сактасын
0
Kroxa
2016-08-01 09:54:48
Кара лексус аял кишиники го кызы менен апасы дейт,тиги мас неме сузгон да жазасын алсын дейбиз ай ким билет чондун байдын баары законго баш ийбейт тартип жок карапайым болсо закон 200% иштейт хоть телефон уурдаса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан