Өзгөчө үйлөнүү тойдун эстафетасын Бишкектен кабыл алышкан Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Темирлан Токоев жубайы экөө 60тан ашуун балага мектепке даярдык катары окуу куралдарын жана сумкаларды белекке тапшырышты. Иш-чара 30-июлда "Сулайман-Тоо" мечитинин аянтчасында өтүп, күбө болгон шаар тургундары эки жашка ак батасын беришти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"Окуучуларды чогултууга көмөктөшкөндөрдүн айтымында, аталган балдардын дээрлик баары жардамга муктаждар. Алар саамалыктан башка жаштар да үлгү ала турган болсо, коомдун аярлуу катмарына чоң колдоо болорун билдирип, бардык жаштарды эстафетаны алууга чакырышты", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.