Ички иштер министрлиги ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу маалыматты четке какты. Тиешелүү расмий билдирүүнү аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда таратты.
26-сентябрда "Ачык саясат плюс" басылмасы "ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды" деп жазып чыккан.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 1-июнунда Кашкар Жунушалиевдин ИИМдин башчысы кызматына талапкерлигин жактырган. 2-июнда мамлекет башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалган.