Ош шаарынын борбордук көчөсүндө жүргөн оор жүк жүктөгөн унааларга чара көрүлбөй жатат. Бул тууралуу 30-сентябрда окурман SUPER.KG`ге WhatsApp аркылуу билдирди. "Ош шаардык патрулдук милиция башкармалыгы эмне менен алек? Бул унаа бараткан жер - шаардын борбордук Масалиев кең көчөсү. Тийиштүү кызматкерлер мындай жерлерди карап, чара көрүшөбү, жокпу? Шаардын борбордук көчөлөрүндө оор жүк жүктөгөн унаалардын кыймылына чектөөлөр бар", - дейт окурман. Ал бышкан кыш жүктөп бараткан унааны сүрөткө тартып жөнөткөн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.