Жалал-Абад шаарынын Токтогул атындагы сейил багынын кире беришинде "Токтогул" деген жазуунун тамгалары түшүп, түшүнүксүз жазуу илинип турат. Бул тууралуу 2-октябрда окурман SUPER.KG`ге WhatsApp аркылуу билдирди. "Токтогул атындагы эс алуу багы" деген жазуу бузулуп, ага шаар бийлигинен эч ким көңүл бурбай жатканын айтат. "10 күндөн бери көрөм, ар бир көргөн сайын бирден тамгасы түшүп жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.