Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы кечээ, 13-мартта жаңыланган ФИФАнын рейтингинде 146-орунду ээледи. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирди. Маалыматка ылайык, бул орунду Кыргызстан курама командасы карамагындагы 155 упай менен ээлеп турат.
Рейтингде 1-орунду Испания курама командасы кармагындагы 1510 упай менен ээлеп келүүдө. Алдынкы үчтүктө Германия жана Аргентина курама командаларынын ысымдары жазылган.