Камакта жаткан оппозиционерлердин жакындары УКМКнын алдына митингге чыгышты

Камакта жаткан оппозиционерлердин жакындары бүгүн, 3-ноябрда УКМКнын алдына митингге чыгышты. Митингге 50дөй адам катышып, алар камакта жаткан саясатчыларды бошотууну талап кылышууда. Катышуучулар "Саясий туткундарга боштондук", "Саясий туткундарга ачык сот" деген жазуулары бар плакаттарды, УКМКнын СИЗОсунда жаткан Бектур Асанов, Максат Кунакунов, Бекболот Талгарбеков жана башкалардын сүрөттөрүн кармап турушат.

Эскерте кетсек, март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Учурда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматовдун иши боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Мындан тышкары оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан