Кыргызстандын “Азия Микс” командасы Юрмалада өтө турган КВН фестивалына чакыруу алды. Бул тууралуу аталган команданын капитаны Эльдияр Кененсаров бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйында билдирди.
“Чейрек финалда бизге фестивалдын катышуучуларынын тизмесин берди. Алардын ичинде биздин команданын аты эң биринчи сапта турганын көрдүк. Бул мелдешке биздин балдар жакшы даярданышат”,- деди Кененсаров. Маалым болгондой, Юрмаладагы КВН фестивалы 20-21-июлда өтөт. Ага 20 команда катышмакчы.