Өлкө башчы Садыр Жапаров 14-октябрда Токтогулдун тургундары менен болгон жолугушуусунда базар ээлерине эскертүү берди.
Президент Бишкекке өлкөдөгү базарлардын ээлерин чогултуп, соода аймактарынын абалын оңдоо тапшырмасын койгонун эске салды.
"30 жылда ошол жерлерден миллиардер болдуңар. Эми элди суукта калчылдатып, жайында ысыкка калтырбай, жакшынакай кылып, заманбап шарттагы базар салып бергиле дегем. Андан бери бирөө дагы бир чарчы метр жасабады. Мына "Мадина" базарын мамлекет көзөмөлгө алды. "Ош базарын" мамлекет салды, эми кийинки жылы март-апрель айларында көчүрөбүз. Эгерде силер салбасаңар, биз салып коёбуз. Базар ээси бойдон калабыз десеңер, анда элге шарт түзүп бергиле", - деди Жапаров.