30-апрелде Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында белгилүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар билдиришти. Ал эми Миңжылкыев тууралуу айта кетсек, ал өз убагында белгилүү маэстро адамдары Барра жана Мерлининин шакирти болгон. Анын тарбиялануучулары дүйнөнүн көптөгөн театрларында ырдашат. Б.Миңжылкыев 1989-жылы Россиянын Марииндик театрынын алдынкы солисти болгон. Ал 57 жашында 1997-жылы көз жумган.