24-апрель күнү Москвадагы Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө кыргыз сүрөтчүсү Жылдыз Заркунованы эскерүү урматына “Аалам менен сүйлөшүү” аттуу көргөзмө ачылды. Көргөзмө Орусиянын “Сүрөтчүлөр союзунун эл аралык конфедерациясы” коомдук бирикмелер ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Анда аталган ассоциациянын төрагасы Масут Фаткулин Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Майя Сабирдина, Орусиянын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Виктор Пуховский, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана ММК өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Ж.Заркунованын 140ка жакын эмгектери коюлган. Келген коноктор кыргыздын жаш сүрөтчү кызынын талантына баа беришип, анын эмгектери жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Аталган көргөзмө 18-майга чейин созулат. Белгилей кетсек, Жылдыз Заркунова атайын сүрөтчүлүк билимге ээ болгон эмес, бирок ал 16 жашында эле өзүнүн биринчи көргөзмөсүн уюштурган. Анын алгачкы көргөзмөсү өз мекендештеринин арасында гана эмес, чет элден келген коноктор тарабынан да жогору баага татыган. Өзүнүн аз өмүрүндө кыргыз сүрөтүнө салым кошконго жетишкен Ж.Заркунова 21 жашында Европага окууга тапшыруу үчүн бара жатканда белгисиз бирөөлөр тарабынан поездден ыргытылып өлгөн.