Нурмат Садыровдун “Мен сүйгөн менен пайда жок” аттуу ырынын клиби жарык көрдү

Нурмат Садыровдун “Мен сүйгөн менен пайда жок” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү өзүнө, обону Руслан Нарынбаевге таандык. Ал эми клипке Эрнист Сыдыков режиссёрлук кылды. “Ырдын тексти жазыла электе эле обонун угуп, аябай жактыргам. Ал эми тексттин үстүндө 6-7 ай иштедим. Клипке болсо, жаш актёр, актрисалар катышты. Баш-аягы 2-3 айда тартып бүттүк. Мага абдан жакты десем болот. Себеби башынан аягына чейин жаным тынбай чуркап жүрдүм. Бир жагынан продюсери жок иштеген кыйын экен. Ал эми клип тартууга, техникалык каражат, кийим-кече жана башкага 1500 доллар акча кетти”,- деди ырчы мырза.  

Мен сүйгөн менен пайда жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан