25-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кыргыз-кытай маданият жана достук фестивалы болуп өттү. Фестиваль К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети тарабынан демилгеленген. Аталган окуу жайдын маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Борбодоевдин айтымында, бул иш-чара эки элдин ортосундагы эзелтеден келе жаткан мамилелердин маданий биримдигин бекемдөө максатында уюштурулду.
Иш-чара эки элдин улуттук буюмдары жана тамак-аш көргөзмөлөрү менен башталып, концерттик программа менен уланды. Анда кыргыздын улан-кыздары комуз чертишип, көрүүчүлөргө кытай гимнастикасын да тартуулашты. Айта кетсек, фестивалга Кытай өлкөсүнөн 5 өкүл келип катышты. Уюштуруучулар мындай иш-чаралар дагы уланып, кыргыз элинин башка улуттун өкүлдөрү менен болгон карым-катнашын, достугун бекемдөө үчүн аракеттер боло турганын айтышат.