21-апрелде Орусиянын Тюмень облусунда “Аруузат-2013” аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Иш-чара аталган өлкөдөгү кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди. Айта кетсек, сынакка катышуу үчүн тандоо турунан 7 кыз өткөн. Жарышка түшкөн сулуулар улуттук каада-салт, эне тил, Кыргызстандын тарыхы боюнча түзүлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча таймашып, ыр-бийлер менен коштолду. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Манасбек кызы Арууке жеңүүчү болуп "Тюмень облусунун сулуусу" деп табылды. Орусиянын башка облустарында да өткөрүлүп жаткан бул сынактын жеңүүчүлөрү 28-апрелде финалдык турда жарышат. Белгилей кетсек, Орусиядагы кыргыз кыздары арасында өтүп жаткан сынактын “Ала-Тоо периси-2013” аттуу финалдык баскычы Бишкек шаарында өткөрүлөт.