Жумгал районунда “Биз Манастын урпактары” аттуу сынак өттү

25-апрелде Нарын облусунун Жумгал районунда "Манас" эпосун даңазалоо максатында "Биз Манастын урпактары" аттуу сынак өткөрүлдү. Ага райондун акими А.Исагулов, райондун ардактуу атуулу А.Кулбараков, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы республикалык "Манас" жаштар ордосунун өкүлү Б.Романов жана башка коомдук ишмерлер катышты. Чаек айылындагы орто мектептердин окуучулары катышкан сынакта мекен жөнүндө хор ырлар, эпостогу каармандар тууралуу баяндамалар, эпостон үзүндү айтуу, кыргыздын ырым-жырым, каада-салт, акын-жазуучулары тууралуу маалымат берүү, улуттук бий орун алды.  

 

Жыйынтыгында 1-орунга Мидин Алыбаев атындагы орто мектептин “Ариет” командасы, 2-орунга Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектептин “Айкөл” командасы, 3-орунга Калык Акиев атындагы орто мектептин “Кыргыз көчү” командалары ээ болушту. Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана мактоо баракчалары менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан