Март-апрель айында борбордо “Менин шаарым Бишкек” аттуу сынак жүргөн, анын жеңүүчүлөрү бүгүн, 29-апрелде аныкталды. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 14-25 жаштагы жарандар катышып, шаарды даңазалаган ар кандай эмгектери боюнча жарышкан. Айта кетсек, “Сүрөт жана живопись” сынагында баш байгени Айгерим Будачиева менен Семён Резин алды. Ушул эле сынакта Елизавета Шербинина 1-орунду, Лаура Сун-Ден-Лин 2-орунду, Кристина Комкина 3-орунду алды. “Фото сүрөт” сынагы боюнча Алина Орулбаева
1-орунга, Жанна Головина 2-орунга, Жибек Папанова 3-орунга татыктуу болду. Ал эми “Эссе” сынагынан Николай Виноградов 1-орун, Вероника Хорсун 2-орун, Жылдыз Ашикеева 3-орунду багынтты. Кароо-сынакка 200гө жакын эмгек кабыл алынган.