28-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Ала-Тоо периси-2013” сынагынын финалдык баскычы өтүп, анда Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген кыргыз сулуусу Бегайым Токонова жеңүүчү болду. Ушул эле шаардан келген Таттыбүбү Самидин кызы 2-орунду алса, 3-орунга Тюмень облусунан келген Арууке Манасбек кызы татыктуу болду.
Айта кетсек, “Замандаш” ассоциациясы уюштурган бул сынак Орусиянын бир нече шаарларында өтүп, 15 кыз финалдык баскычка чыккан болчу. Иш-чаранын соңунда "Ала-Тоо периси-2013" - Бегайым Токоновага Мерседес Бенц унаасынын ачкычы тапшырылды. Ошондой эле экинчи жана үчүнчү орунду алган кыздар Түркиянын Анталия шаарына жана Бириккен Араб Эмиратына барып эс алып келүүгө жолдомо утуп алышты.