Казакстандын Алматы шаарында 27-28-апрель күндөрү MIRAS CUP-2013 аттуу бий спорту боюнча эл аралык мелдеш өттү. Анда 600 жуптун ичинен кыргызстандыктар жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп, 18 медаль менен кайтышты. Алар латын, латын-америка, европа жана жаштар бийи боюнча жарышып, жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Давид Саламау менен Ксения Тетерева - 2 алтын медаль
Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей - 2 алтын медаль
Фарух Мамаджанов менен Рамина Бикбаева - 1 алтын медаль, 1 күмүш медаль жана 2 коло медаль
Артур Богомяков менен Анастасия Иванова - 1 алтын медаль, 1 күмүш медаль
Алексей Чебаков менен Ирина Лысенко - 1 күмүш медаль,1 коло медаль
Валерий Морозов менен Светлана Ненашева - 1 коло медаль
Умар Мухамедалиев менен Елизавета Макарова - 1 коло медаль
Алибек Чолпонбаев менен Эвелина Михайленко - 1 күмүш медаль жана 1 коло медаль
Александр Шефлер менен Амина Надирова - 1 күмүш жана 1 коло медаль утуп алышты.