Жумамүдүн Шералиевдин ырларын мыкты аткаргандар арасында сынак жарыяланды

Өлкөдө белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата сынак жарыяланды. Анда Шералиевдин ырларын “Жеке аткаруу”, “Вокалдык жана хор түрүндө аткаруу” жана “Аспапта ойноо” боюнча өлкөнүн ар тарабынан чогулган ырчылар ат салышмакчы. Иш-чара Жумамүдүн Шералиев атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулууда.  

“Учурда 130га жакын ырчы сынакка катышуу үчүн каттоодон өттү. Сынактын тандоо туру 15-16-май күндөрү Бишкектеги М.Абдыраев атындагы музыкалык мектепте өтөт”,- деди аталган фонддун директору Жумакадыр Курмангалиев. Айта кетсек, сынактын гала-концерти 17-18-майда Кыргыз драма театрында орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан